DOLON MEDIA

«Нарын» ЭЭАсындагы ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Бажы кызматы «Нарын» эркин экономикалык аймагында чет өлкөлүк сырьёну пайдалануу шарттарынын бузулушун аныктады. Бул боюнча Бажы кызматы маалымат таратты.Текшерүү учурунда бажы көзөмөлүндө турган 575 тоннадан ашык сырьёнун кайда экени тастыкталган эмес.

«Ц.п.ж.м. «К.-К.-У.» ЖЧКсына текшерүү учурунда ишкана 1 млн 674 миң 253 кг чет өлкөлүк сырьёну «Эркин бажы аймагы» бажы жол-жобосуна жайгаштырган. Документтердеги маалыматтар иш жүзүндөгү калдыктар менен салыштырылганда, бажы көзөмөлүндө турган 575 миң 253 кг сырьё кайда экени тууралуу тастыктоочу маалымат табылган эмес. Бажы кызматынын эсептөөсү боюнча, аталган көлөмдөгү сырьё үчүн төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 млн 346 миң 427 сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүрүлүп, мамлекетке кайтарылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.