DOLON MEDIA

Нарында билим берүү кызматкерине өкүм чыкты

Нарын шаардык соту кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык боюнча айыпталган мурдагы билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине карата өкүм чыгарды. Мындай маалымат мамлекеттик сот актыларынын реестрине чыкты. Айыпталуучу актыда  У. Т аттуу жаран Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жатканда, “текшерүүчүлөргө берүү үчүн” деп, Нарын шаарындагы бала бакчалардын жана мектеп директорлорун алдоо жолу менен, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып  68 миң сом чогултканы белгиленген. Ал үстүбүздөгү жжылдын март айынан бери камакта отурган. Жыйынтыгында  Нарын шаардык соту 2026-жылдын 14-сентябрында иштин материалдарын карап чыгып, айыпталуучуну Кылмыш-жаза Кодексинин 37-209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (алдамчылык кылууга аракеттенүү) менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан 2 жылга жана 1 жылга эркиндигинен ажыратты. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) талаптарына ылайык, анын март айынан берки камакта отурган 1 күнү дайындалган жаза мөөнөтүнүн 2 күнүнө теңештирилип, өкүм менен дайындалган жазасы өтөлүп бүттү деп эсептелинип, камактан бошотту.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.