DOLON MEDIA

Нарын: Айрым айыл өкмөттөр өрт кырсыктарын алдын алууга даяр эмес


Нарын районунун көпчүлүк айылдарында өрт гидранттары  жок болгондугуна байланыштуу, ар кандай өрт кырсыктары катталган учурда ыкчам иш аракеттерди көрүү адам өмүрүн жана товардык-материалдык баалуулуктарды сактап калууда тоскоолдуктарды жаратып келүүдө. Бул тууралуу маалыматты  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси  Кайрат Турсунов билдриди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө райондо 7 даана өрт гидранттары бар, анын 5өө оң абалда болсо, экөөсү жараксыз экендиги аныкталган.  Негизинен өрт гидранттарын сатып алып орнотууга  ар бир айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинен каржы бөлүшү зарыл. Бул боюнча тийиштүу тапшырмалар берилгени менен айрым айыл өкмөт башчылары тарабынан аткарылбай келет.

Райондун Эчки-Башы, Эмгек-Талаа айылдарындагы өрт гидранттары иштебей бузук абалда болсо, Оттук, Эмгекчил, Орто-Саз, Чет-Нура  жана Таш-Башат айылдарында өрт гидранттары оң абалда. Ал эми калган айыл өкмөттөрдө коюлган эмес.

Адистердин айтуусунда, ар бир айыл өкмөтүндө экиден кем эмес гидранттар болушу керек.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.