DOLON MEDIA

Нарын аэропорту ишке кирет

Бул тууралуу  Президенттин Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы  маалымат таратып, бүгүнкү күндө Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери башталып, “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатканын билдирди.

 

“Буюрса үстүбүздөгү жылдын апрель айы менен курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан кийин учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат. Курулуш ишинен КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров кабар алды”,-дейт өкүлдүн маалымат катчысы.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.