DOLON MEDIA

Шаарда укук бузган 26 бала каттоодо турат

Бул тууралуу Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Рыскелди Шайымбетов билдирди. Ал бүгүн, 9-мартта №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектепте балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу максатында уюштурулган окуу семинарга катышып, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын балдарга тийгизген таасирине токтолуп, статистикада балдар арасындагы  кылмыштуулук, зордук зомбулук жана укук бузуу фактлары социалдык жактан жабыркаган үй-бүлөнүн балдары арасында катталып жатканын айтты.

 

“Үй-бүлөдөн зомбулук көргөн, тура эмес  мамилеге кабылган балдар ар кандай кылмыштарга барып жатат. Нарын шаары боюнча  26 өспүрүм уурулук, опузалап талап кылуу, рэкетчилик,  ден соолугуна атайылап жаракат  келтирүү сыяктуу ар кандай укук бузуулар  менен каттоодо турат. Бул өспүрүмдөр  алты айга чейин каттоодо болот. Алардын жүрүм-туруму, сабакка келип кетүүсү  биздин бөлүмдүн балдар иштери боюнча инспекциясынын  кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турат.  Ошол эле учурда  ата-энесин да көзөмөлдөп, мектепке келип каттоодо турган өспүрүмдүн  класс жетекчиси, соцпедагогу  менен дагы иштерди алып барышат. Алты ай ичинде балдар окуудан ийгиликке жетип, тартиби жүрүм-туруму жакшы жакка өзгөрсө каттоодон чыгарылат”,-деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.