Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымат таратып, бүгүнкү күндө Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери башталып, “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатканын билдирди.
“Буюрса үстүбүздөгү жылдын апрель айы менен курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан кийин учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат. Курулуш ишинен КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров кабар алды”,-дейт өкүлдүн маалымат катчысы.