DOLON MEDIA

БУУ Газа тилкесиндеги Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү убактылуу токтотту

БУУ коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги “X” социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет. БУУнун билдирүүсүнө караганда, 6-майдан бери Рафахтан 900 миңдей киши чыгып кетти. Алар Газадагы “Аль-Мавази” лагерине жайгашты. Бул жерди Израил армиясы “гуманитардык аймак” катары жарыялаган. Рафахта дагы 400 миңдей киши бар. Эл аралык уюм анклавдагы гуманитардык операциялардын баары үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин эскертти.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.