DOLON MEDIA

Мектептердин жылуулук тутумдары качан оңдолот?

Нарын шаарындагы  №5 Кычан Жакыпов жана №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептеринин жылытуу системалары капиталдык ремонттон өткөрүү  жумуштары башталып,  учурда токтоп турат. Бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары  Нурбек Сыдыгалиев жана депутаты  Мурадил Сыдыков  жеринде көрдү. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев ремонту токтоп турган эки мектептин жылуулугу убагында берилбей кала турган болсо, окуу процесси үзгүлтүккө учурай тургандыгын билдирди.

ЖКнын төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев бул маселе боюнча КР Министрлер кабинетинин төрагасынын башчысы Акылбек Жапаров менен талкуулаган. Анын айтуусунда,  иштин токтоп калышына жергиликтүү компаниялардын, подрядчик, ишканалардын №522 «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө  контрактты банктык коштоону жүзөгө  ашыруу жөнүндө” токтомуна өздөрүнүн даяр эместиги себеп болгон.  Окууну үзгүлтүккө учуратпай бул  ишти эл өкүлдөрү көзөмөлгө алаарын кошумчалашты.

Нарын шаардык Кеңешинин басма сөз  кызматынын маалыматына караганда, аталган эки мектептин жылуулук системаларынын курулушунун кечигип жаткандыгы боюнча Кеңештин атынан  тийиштүү тараптарга кат жолдонгон.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.