DOLON MEDIA

Облус жетекчиси ун азыктарын кымбаттатпоого чакырды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарык укуктуу өкулунүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Нарындын базарларында бир кап ун сортуна жараша 700-900 сомго чейин кымбаттаса, өзүбүздөн өндүрүлгөн ундар 50-100 сомго чейин кымбаттап кеткен.  Ал эми нан болсо 3 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлгөн. Буга байланыштуу облус башчысы Алтынбек Эргешов тиешелүү мекеме жетекчилерине, Нарын шаардык мэриясына, Монополияга каршы кызматына бааларды ооздуктоо боюнча тапшырмаларды берди. Аны менен катар облустун элинин ун ахыктарына болгон муктаждыктары такталып, материалдык резервдин ундарын саттыруу боюнча иштер жасалууда.

Ун азыктары менен соода кылган ишкерлерге, бааны себепсиз көтөрбөөгө чакырды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.