DOLON MEDIA

Чөлкөмдөгү муктаждыктар чечилүүдө

“Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасы тарабынан Нарын шаарындагы бир катар долбоорлор колдоого алынып,  Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосунун негизинде  Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун  агенттиктери тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Нарын шаарындагы Шаарча  жана Арал аймактарында балдар ойноочу аянтчаларын куруу зарылдыгы Нарын шаардык Кеңеши тарабынан сунушталып, 1 млн 279 миң сомго Шаарча аймагына,  Арал аймагындагы балдар ойноочу аянтчасы 1млн  296 миң сом каражатка курулуп,  инвентарларды орнотуу алдында турат.

Буга чейин  Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, чөлкөм башчылар жумушчу топторго бөлүнүү менен, Нарын  шаарындагы чөлкөмдөрдөгү көйгөй, сунуштарды жашоочулардан сурамжылоо кылышкан.

Ушундай эле оюн аянты 1миллион  322 миң сомго  64 аймагын дагы курулуп, калаанын 155 жылдык мааракесине карата пайдаланууга берилген болчу.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.