DOLON MEDIA

Майыптыгы бар балдарды караган жеке көмөкчү салыктан бошотулат

Майыптыгы бар адамдарды баккан, караган адамдарды (жеке көмөкчү) патент түрүндөгү салыктан бошотуу мыйзам долбоору бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңеште 2-3-окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, жеке көмөкчүлөр салыктан Жаңы жылдын 1-январынан тартып бошотулат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков демилгелеген. Дайыма бир адамдын кароосуна муктаж, майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдарды баккандар үчүн мамлекет 2019-жылдан тарта маяна төлөй баштаган. Баланын ата-энесине же аны караган жеке көмөкчүгө айына 6268 сом каралган. 2020-жылдын ноябрдан тарта бул айлык үчүн 1220 сомдук салыкты социалдык төлөм катары ата-энелер же ассистент өз алдынча төлөп келет.

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча майыптыгы бар балдардын саны 35 миңден ашуун. Алардын 6 миңдейи такай кароого муктаж.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.