DOLON MEDIA

Ат-Башы: Көпүрөнү кеңейтүү жумуштары жаңы жылга чейин бүтөт

Ат-Башы-Ача-Кайынды унаа жолунун Ат-Башы суусундагы көпүрөнү кеңейтүү жумуштарынын 70 пайызы аяктады. Райондук бийлик тарабынан курулуш иштерин тездетип, жаңы жылга жолду ачууга тынымсыз аракеттер көрүлүп жатат.

Райондук администрациянын маалымат кызматынан билдиришкендей, көпүрө  бетон куюу менен жасалып, заманбап талаптарга ылайыкташытырылган ыкма менен салынууда.

Көпүрөнү кеңейтүү иштер иушул жылдын 20-октябрында башталгандыктан, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Терек-Суу айылдарында 1977-1991-жылга чейин төрөлгөн эр-азаматтар кезектешип ишти тез арада бүтүрүүгө көмөктөшүүдө. Ошондой эле айыл тургундары жана такси кызматында иштегендер жумушчуларга ысык тамактарын уюштуруп беришүүдө. Ал эми район акими Эмилбек Абдыкадыров курулуп жаткан иштен жана жумушчулардан күн алыс кабар алып, ишти өзү көмөлгө алууда.

Көпүрө  2003-жылы салынган. Бирок  эки унаага гана ылайыкталып тар салынып калгандыктан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ыңгайсыздык жаралып, бир тарабы өтүп кетишин күтүүгө аргасыз болуп келген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.