DOLON MEDIA

2024-жыл

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, быйылкы Курман айт 16-июнда белгиленет. “7-июнь – жума күн Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь – ишемби күнү арапа, 16-июнь – жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп жазылган муфтияттын маалыматында. Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык …

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет Толугу менен »

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөй турганын билдирди.Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. …

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт Толугу менен »

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 2024-жылы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдады. Маалыматка караганда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан …

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады Толугу менен »

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Оштогу сапарында айтты. Мамлекет башчы учурда өлкө темир жол логистикасында туңгуюк абалда турганын, кыргыз ишкерлери дүйнөгө Казакстан жана Орусиянын темир жолу аркылуу гана чыгып жатканын белгиледи. Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп алса, бул кыргыз мамлекети үчүн чоң жол болорун” билдирди. Кыргызстандын аймагы …

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат Толугу менен »