DOLON MEDIA

Кургак учукту аягына чейин дарылаган медкызматкерлерге кошумча каражат берилет


Кургак учук оорусунун сезимтал формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоону аягына чейин алып барган  медициналык кызматкерлер үчүн 12 миң, ал эми туруктуу формасын дарылоого катышкан кызматкерлерге  24 миң сом акча кошумча төлөм катары берилет. Бул багытта 2022-жылы Милдеттүү медициналык  камсыздандыруу фонду тарабынан Нарын облусу боюнча 1 миллион 500 миң сом каражат бөлүнүп, кошумча төлөмдөр жүргүзүлгөн.

Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башчысы Нурия Жанузакова аталган дарт менен ооруган  бейтап 6 айдан 18 айга чейин медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болуп, дарылоо узак болгондуктан, дарылоону аягына чейин жеткирип, ийгиликтүү иштеп берүүсү үчүн бул төлөмдөр каралганын билдирди.  Кошумча төлөмдөр  бир бейтап үчүн бөлүнүп, аны дарылоого катышкан медициналык кызматкерлерге пайыздык чен менен, дарылоо толук аягына чыкканда бөлүштүрүлүп берилет.

“Бир бейтапты дарылоого үй-бүлөлүк дарыгер, фтизиатр жана медайым тартылат. Бейтаптар арасында дарылоодон  же кандайдыр бир себептер менен башка жакка чыгып кеткендер дарылануусун улантуудан баш тарткан учурлар болот. Мындай учурда бейтапты ынандырып, дарылануусун  аягына чейин чыгарууда  медкызматкерлердин эмгеги зор.  Бул алардын ишин аягына чейин ийгиликтүү жеткиришине дагы түрткү болот”,-деди Н.Жанузакова.

Ошондой эле “Кызыл ай” коомунун кейс менеджерлери, ыктыярчылары дагы дарылоону толук аягына чыгарууда  бейтаптар менен иш алып барышып, психикалык жардам беришет. Ал эми бейтаптардын дарыланууга,  изилдөөлөргө баруудагы  жол кире акыларына айыл өкмөттөрдүн бюджетинен акча каралат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.