Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу үстүбүздөгү жылдын 15-февралына чейин узарылды.
Мындай буйрук көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги тарбынан чыгарылды.
Буйрукка ылайык облус аймагында сатыла турган кара алтындын тоннасына баалар мурунку деңгээлде калтырылды. Маселен, “Кара-Кече” кенинде көмүрдүн карьерден чыккан баасы тоннасына 2 миң 260, “Турук” кенинде 1 миң 670 сом.
“Көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылып, баалар мурунку боюнча калды. Алсак, Кара- Кеченин бир тонна көмүрү Нарын шаарында 5800, Нарын районунда 5900, Ат-Башы районунда 6200, Кочкор районунда 4900, Жумгалда 3900, Ак-Талаа районунда 6500 сомдон сатуу бекитилген. Ал эми “Турук” кенинен алынган көмүр Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда 5 миң сомдон сатуу бекитилген.
Бүгүнкү күндө көмүр жеткиликтүү жана баасы көзөмөлдө. Көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжасында Нарын шаарында мыйзам бузуулар боюнча 4 учур катталды. Аларга Укук бузуулар кодексине ылайык айыптар салынды”,-деди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бактыбек Орозобеков.
Бирок, Нарын шаарында жеткирип берүү кызматы менен бир тонна кара отундун баасы 6 миң сомдон 6500 сомго чейин чыгууда.