Өткөн жылы облуста 438 кылмыш иши катталып, анын 90 пайызынын бети ачылган. Бул тууралуу маалыматтар Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
Анда белгилүү болгондой, катталган кылмыштардын 41и мал уурулук менен байланыштуу болсо, адам өлтүрүү боюнча 18 факты катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен бардык кылмышкерлер кармалган. Ал эми жасалган кылмыштардын 45и оор жана өзгөчө оор кылмыш болсо, анын 44үнүн бети ачыкталган.
Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. Ал мыйзамдуулукту сактоо баарынан маанилүү экенин айтып, кызматтык этиканы кармануу жана коррупциялык аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин баса белгиледи. Аны менен катар эле элге сапаттуу тейлөө көрсөтүү, коомдук тартипти , жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү зарыл экендигин кошумчалады.