DOLON MEDIA

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду


Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков алты айда 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду. Топтолгон суу Чолпон айыл аймагына караштуу Туз айылындагы 500 гектердай айдоо жердин биринчи сугатына жарайт.

Экоактивист былтыр күзүндө тоонун бооруна он эки метрлик бетон түркүгүн орноткон. Анын башына сайдагы сууну түтүк менен алып келип байлап койгон. Оргуштап аккан суу түркүктүн айланасына жазга чейин тоңуп турат.

Өмүрбеков соңку жылдары мал туягы көбөйүп, жайыттагы чаң сапырылып калганын белгилейт. Анын айынан сайдагы суунун көлөмү азайып, айдоо аянттарга суу жетпей калды. Ушундан улам Өмүрбеков айылга жасалма мөңгү тоңдуруу керектигин ойлогон.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.