DOLON MEDIA

Нарын районунда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурады

Нарын районунун Жан-Булак, Жерге-Тал жана башка бир катар айылдарда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурап, иштебей жатат. Бул тууралуу «Долон Медиага» аталган айылдардын тургундары билдирди.

Тургундардын айтымында, «Мегаком» уюлдук байланыш кызматы 26-марттан бери тартпай жатат.

Ал эми «Мегакомдун» операторлору базалык станциядан электр чубалгысы үзүлүп кеткенин «Долон Медиага» билдиришти. Ошондой эле, учурда техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери жүрүп жаткандыгын белгилешти.

Буга чейин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды «Мега» (мурдагы аты «Мегаком») уюлдук байланыш операторуна өтүүгө чакырган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.