DOLON MEDIA

Вирустук гепатит оорулары көбөйүүдө


Акыркы жылдарды өлкө боюнча  вирустук гепатиттердин В,С түрлөрүнүн өсүшү байкалган. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып, анын алкагында  облуста ооруну эрте аныктоо, эрте дарылоо максатында жер жерлерде экспресс тестер алынууда.

“Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  гепатиттин В, С түрүн эрте аныктоо, эрте дарылоо боюнча иш алып баруудабыз.  Экспресс тестирлөө бардык райондордогу үй-бүлөлүк медицина топторунда, Дарыгерлердин жалпы практикалык борборлорунда жасалып жатат. Жыйынтыгында гепатит В аныкталбаса аларга  акысыз эмдөө жүргүзүлүүдө.  Анализдер дагы акысыз алынып, изилдөө дагы акысыз жүрөт. Эгер оору табылып калса жеринде иштеген инфекционист дарыгерлер  андан ары иш алып барышат, дарылар  акысыз берилет.

Буга чейин деле бул ооруга анализдер алынчу, ошондо жыл ичинде 300гө чейин оору аныкталчу. Акыркы жылдары андан дагы көбөйүп жатат. Гепатит оорусуна жарандар маани бербей, анын жугуу жолдору алдын алынбагандыктан көбөйүп жатат. Азыр сулуулук салондоруна барып, татуаж, тырмак жасатып атышат. Менчик тиш дарылоо борборлорунун кызматын пайдаланышат. Вирустук гепатиттер ВИЧ сыяктуу кан аркылуу жуккандыктан, бардык тейлөө тармактарында  аппараттарды жугушсуздандыруу тыкыр көзөмөлдөнүп жатат”,-деди Нарын облустук кан аркылуу  жугуучу вирустук гепатиттерди  жана ВИЧ инфекциясын  алдын алуу борборунун башчысы  Айнагүл Бектурсунова.

Маалымат үчүн белгилесек, аталган борбордун мобилдик клиникасы 10-апрелден баштап Жумгал районунда болуп, район тургундарына медициналык короо жүргүзүшөт. Анда гепатиттин В, С түрүнө, ВИЧ инфекциясына тестирлөө жасалып, акушер гинеколог, УЗИ, үй-бүлөлүк дарыгерлердин текшерүүсү болуп, кеңештер берилмекчи. Бул кароого И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан дагы адистердин келээри күтүлүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.