DOLON MEDIA

Сүрөт баян: Жарандар акысыз медициналык кароодон өтүштү


Бүгүн, 6-мартта  Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында калаа тургундары жана коноктору үчүн акысыз медициналык кароо жүргүзүлдү.  Ал 7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук  күнүнө карата уюштурулуп, жалпы элди спорт менен алектенүүгө, ден соолукка кам көрүп, ооруларды алдын алууга чакырык жасалды.

Иш чарада Нарын облустук үй-бүлөлүк  медицина борборунун эндокринолог, терапевт, кардиолог жана  үй-бүлөлүк дарыгерлери кайрылгандардын  кандагы канттын курамын, кан басымын өлчөп, профилактикалык кароо жүргүзүштү. Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ инфекциясын алдын алуу борбору боор ооруларын, ВИЧ илдетин алдын алуу үчүн  каалоочулардан эксперсс тест алышса,  облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору жарандарды флюорографиядан өткөрүштү.

Ошондой эле тамеки чегүүнү, ичимдик ичүүнү токтотуп туура тамактануу, дене бойду чыңдоо боюнча кеңештер берилип,  викориналык суроолор уюштурулду. Ага туура жооп берип, тамекисин таштагандарга курма, алма, мандарин сыяктуу жемиштер берилди. Ден соолукка кам көрүү боюнча чакырыктар жасалып,  Кызыл ай коомунун ыктыярчылары  флешмоб тартууласа, шаардык спорт мектеби аянтта чогулгандарга гимнастика жасатты. Аны менен катар эле Нарын шаардык спорт мекеби сергек жашоо образын калыптандыруу менен элди спортко тартуу максатында айымдар жана мырзалар арасында кол күрөш, аркан тартыш беттешин өткөрүшүп, күчтүүлөрүнө белектерин ыйгарышты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.