DOLON MEDIA

“Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды.

Документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Сессияда каттоодон өткөн 72 депутаттын 52си аны колдоп, жетөө каршы болду.

Муну “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын айтып чыкты.

Мыйзам долбоорунун таржымалы

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору Надира Нарматова анын атын “чет элдик өкүл” деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.