DOLON MEDIA

“Чет элдик өкүл” мыйзамын колдогон депутаттарды виза жагынан чектөө сунушталды

Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты.

25-октябрда аталган мыйзам долбоору (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу) Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.

Кайрылууда мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын, төрага Нурланбек Шакиевдин, Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковдун жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекованын аты аталды. Журналисттик иликтөөлөр фондунун аткаруучу директору Гладис Темирчиева «Азаттыкка» билдиргендей, бул кайрылуу аталган мыйзам комитеттерде да, жалпы жыйында да гендердик, укуктук жана башка тийиштүү экспертизалардан өтпөстөн, регламенттин одоно бузулушу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу кабыл алынды:“Кыргыз жарандарынын гана эмес, бул жакта иштеген чет өлкөлүктөрдүн да сөз эркиндигине, пикирин эркин билдирүүгө, чогулууга болгон укугун чектөөчү мыйзамды колдоп жаткан депутаттар аталган мамлекеттерде бизнес ачышына, мүлк сатып алышына, балдарын окууга жөнөтүүгө же өзүлөрү барышына, ал жакта жашашына, эс алышына жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Көптөгөн депутаттардын бул өлкөлөрдө бизнеси бар, балдары окушат”.

Мыйзамды депутат Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, 20сы калган.

Надира Нарматова “бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок” экенин айткан. Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, “туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо” 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти “чет элдик өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдошкон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган жана “бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат” деп белгиленген. Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.