DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Долбоордун кемчиликтери оңдоло баштады-сүрөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы “Нарын шаарында таза суу жана канализация тутумдарын реконструкциялоо” долбоорунун алкагында шаардын Москва чөлкөмүндөгү Кирпич аймагындагы 300 метр таза суу түтүгүн алмаштыруу  жана мерчемделген жерлерге сууну жөнгө салуучу жабдууларды коюу иштери башталды. Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, учурда “Минур” ишканасынын  аракети менен 6 басымдагы сууга жана …

Долбоордун кемчиликтери оңдоло баштады-сүрөт Толугу менен »

Быйыл 577 үй-бүлөгө социалдык жардам берилет

Үстүбүздөгү жылы Нарын облусу боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу 577 аз камсыз жаранга  100 миң сомдон берилет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар даярдап келген долбоорлрдун бардыгы жактырылган. Долбоор сунуштаган үй-бүлөлөр 26 багыт боюнча ишкерлигин баштоону көздөшүүдө. Алардын  көпчүлүгү  тигүү цехтерин ачууга, соода- сатык жасоого, сүт багытындагы уй алууга, майда жандыктарды алып сатууга, …

Быйыл 577 үй-бүлөгө социалдык жардам берилет Толугу менен »

Айымдарга билим берүү багытында бизнес баштоого каражат бөлүндү

Үч облуста ишкер айымдарга билим берүү жаатында бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом бөлүндү. Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2,8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул акча бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат. Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана …

Айымдарга билим берүү багытында бизнес баштоого каражат бөлүндү Толугу менен »

Нарындык балбан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынан алтын медалды багындырды

Казакстанда өткөн Азия чемпионатында нарындык дагы бир балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп, кайрадан Азия чемпиону болду. Балбан 62 килограммга чейинки салмак категориясында беттешип, монголиялык Оркхон Пуревдоржду 9:4 эсеби менен жеңип алды. Буга чейин Калмира Билимбекова коло медаль, ал эми Акылбек Талантбеков алтын медаль утушкан. Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча беттеш өтөт. Ага Улукбек …

Нарындык балбан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынан алтын медалды багындырды Толугу менен »

Жумгал районунда  тоо эчкисин аткан браконьерлер кармалды

Жумгал районунда  тоо эчкисин аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады. Мекемеден билдиришкендей, Жумгал районунун Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон бир жапайы тоо эчки жана эки даана сайлуу ок атуучу куралдар табылган. Мыйзам бузгандар Чүй облусунун К.И.Л. жана М.И.В. …

Жумгал районунда  тоо эчкисин аткан браконьерлер кармалды Толугу менен »

Азия чемпионатында нарындык Калмира Билимбекова коло, ал эми Акылбек Талантбеков алтын медаль утту

Казакстанда өткөн Азия чемпионатында нарындык балбан кыз Калмира Билимбекова коло медаль, ал эми Акылбек Талантбеков алтын медаль утту. Балбан Акылбек Талантбеков күрөштүн грек-рим түрү боюнча 82 килограмм  салмакта күч сынашып, алтын медаль тагынды. Ал эми күрөштүш ушул эле түрү боюнча кыздар арасында Калмира Билимбекова 59 килограмм салмакта беттешип, коло медаль утту. Ал эми нарындык дагы …

Азия чемпионатында нарындык Калмира Билимбекова коло, ал эми Акылбек Талантбеков алтын медаль утту Толугу менен »

Ат-Башы: Акжарлыктар сууну кайдан алып ичишет?

5317 калк жашаган Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында  таза суу  тартыла элек. Учурда элет эли өз аракети менен жер алдынан тартып алган сууну пайдаланышат. “Ак-Жар айылында таза суу жок. Бирок тарифтери  иштелип чыккан. АРИСтин жардамы менен 1-2 жылдын ичинде таза  суу кирет деген план бар. Биз ага даярбыз. Бизде 1,5-2 метрден эле суу чыгат. Ар ким …

Ат-Башы: Акжарлыктар сууну кайдан алып ичишет? Толугу менен »

Нарында сайма жана белдемчи көргөзмөсү өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелде Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде сайма жана белдемчи көргөзмө иш-чарасы өтөт. Иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулат. Уюштуруучулардын жетекчиси Динара Жунусованын айтымында, көргөзмөнүн максаты сайма өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу болуп саналат. Анын алкагында сүрөт көргөзмө, белдемчинин саймасы, өзгөчөлүктөрү тууралуу доклад окулат. Ошондой эле, белдемчилердин көргөзмөсүнүн жеңүүчүлөр 15- апрелде Бишкекте өтүүчү …

Нарында сайма жана белдемчи көргөзмөсү өтөт Толугу менен »

Тыбыттын баасы түшүүдө

Нарында тыбыттын баасынын түшүп жатышы малчыларды кабатыр кылууда. Быйыл тыбыттын баасы 2800 сомдун тегерегинде башталган. Учурда 2500 сомдун айланасында болууда. “Баасы көтөрүлөбү” деп тыбыттарын өткөрбөй, арсар болуп турган айылдыктар, тиешелүү министрликтер алдын ала пландап, анализ жасап беришсе дешет. Эске сала кетсек, ушул жылдын башында “Бишкек” ЭЭА дагы  “Кыргыз Кашемир” ишканасынын техникалык абалын  ЮСАИД дин 23 …

Тыбыттын баасы түшүүдө Толугу менен »

Нарын: Бир нече алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды

Нарын облусунда бир нече адамды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын  7-мартында Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда, 2022-жылдын 8-ноябрында лалафо социалдык тармагына 50 баш тай 16 баш эркек кунандар сатылат деп жарыялап, 11-ноябрь күнү уюлдук номер аркылуу …

Нарын: Бир нече алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды Толугу менен »