Таза азык-таза ден соолук!
Нарын зоналдык ветеринардык лабораториясынын башчысы Ишенбек Алманбетовдун маалыматына караганда, бруцеллез оорусу көп аныкталууда. Алсак быйылкы жылдын алты айында 29 мин 143 изилдөө жүргүзүлсө, 33 баш уйдан бруцеллез табылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 4 учурга көп. Дарт аныкталган мал эрежелерге ылайык союлуп жок кылынган. Аталган лаборатория жаныбарлардын бактериологиялык, серологиялык, паразитологиялык ооруларын аныктоо боюнча өз убагында …