Нарын облусу кыргыз улутунун улут болуп уюп калышына салым кошкон ыйык жерлердин бири. Бул тууралуу пикирин КР Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев “Бир максат, бир багыт- уңгу жол жана аялдардын биримдиги” деген форумда билдирди.
Ал, Эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшүнө зор эмгек жумшаган мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун “Менин улутумдун аты тарыхта чоң тамагалар менен жазылып калууга татыктуу эл”,-деген сөзү менен баштап, кыргыз эли үч миң жыл бою түшкө кирбеген бийиктиктерди жараткан бактылуу эл экенине токтолду.
“Жусуп Абдрахманов “Менин улутумдун аты тарыхта чоң тамагалар менен жазылып калууга татыктуу эл” деген экен. Мындай сөзү менен саны миллионго жете элек кыргыз улутунун көсөмдүгүнө, тагдырына жана тарыхына ишеним арткан. Биз бул ураанды актай алдык. Жазма адабияттардан, санжырадан дагы көчмөн кыргыздардын күчтүү болгонун жана улутубуздун алдыга умтулган мүмкүнчүлүктөрүн көрө алабыз.
Ал эми өлкө башчыбыздын Жарлыгы менен кабыл алынган уңгу жол өзүбүздүн улуттук концепцияны түзүүгө түрткү берет деп эсептеймин. Биздин 30 жылдык демократиялык заманда жашоо тажырыйбабыз бар. Ал тажырыйбабызды кайра карап эл аралык стандарттарга ылайык карап чыгуубуз керек.
Маселен, унаа айдоо маданиятын алсак. Жол кырсыктарынан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда турабыз. Бул улуттук трагедия. Бул статистика жарыяланганда эле улуттук ураан чакырып, айгай салып абалды жөнгө салышыбыз керек эле. Салттуулукту кеп кылганда ат мингенди, ат чабууну үйрөткөн эл кылымдын кыргызына машина айдоону үйрөтүшүбүз керек.
Албетте, биз бактылуу эл, бактылуу улут экенбиз. Үч миң жыл бою кыргыздын түшүнө кирбеген бийиктиктерди жараттык. Улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктикти жаратууга биздин дараметибиз жетет”,-деди А.Койчиев.
“Кыргыз жылына 19 эле барак китеп окуйт экен, мындан ары 19 барактан ашык окуйлу”- деген президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасына китептерди тапшырды.






