DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Үй-бүлөлүк зомбулуктун көбү ичкиликтин айынан чыгат

Үстүбүздөгү жылдын  үч айында Нарын шаарында  27 үй-бүлөлүк зордук зомбулук учуру катталып, баарына коргоо ордери берилген. Анын ичинен жаш өспүрүмгө карата  психологиялык зомбулук жасалган бир учур бар. Ал бала “Аруу тилек” кризистик борборунда бир жума  баш калкалап, андан соң  Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын чечими менен кайра үй-бүлөсүнө кайтарылган. Нарын шаардык ички …

Үй-бүлөлүк зомбулуктун көбү ичкиликтин айынан чыгат Толугу менен »

Шаар аралык такси автобекеттерге бөлүштүрүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Батыш автобекети тараптагы иретсиз токтотулган унааларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэриянын маалыматына ылайык, Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган такси маршруту Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен …

Шаар аралык такси автобекеттерге бөлүштүрүлөт Толугу менен »

Нарындык Мадина Муратбекова Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты

Нарындык кыз Мадина Муратбекова Уфа шаарында өткөн Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты. Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Башкирия мамлекетинин Уфа шаарындагы «Торатау» конгресс-холлунда сулуулар сынагынын тандоо туру болуп өттү. «Мисс Шериктештик» республикалык этникалык сулуулар жана таланттар конкурсуна жалпы 18 катышуучу катышып, алардын ичинен 7 финалист тандалып алынган. Ал эми финалдык тур 21-апрель күнү болот.

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян

Бүгүн, 9-апрель күнү райондогу мекеме кызматкерлери чогулуп  Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий  жана күн батышындагы Босого  тилкелерин таштандыдан арылтышты. Мындан бир топ  жыл мурда  алма бактын көчөттөрү отургузулуп, кийин  ээн талаага айланган Кара-Чий аймагы таштанды талаага айланган. Ал тилкеде ит-мышыктын, малдын  териси, өлүгү, желим баштык, бөтөлкө толуп кеткен. Мындан сырткары  оттун күлү, малдын кыгы, …

Ак-Талаа: Таштанды чыгаруу маданиятын үйрөнөлү-Сүрөт баян Толугу менен »

Нарын: Жан-Булакта бактар кыйылууда

Айыл өкмөт башчысы Улан Бозгунчиевдин айтымында,  АРИС тин жардамы менен таза суу киргизилет аны менен катар айылдын башкы планы боюнча жолдор кеңейтилет. Ошондуктан экологдордун уруксаты менен айыл боюнча 1600 бак кыйылат. Ал эми “Жашыл Мурас”  улуттук өнөктүктүн алкагында  алкагында 85 бак отургузулду.

Жумгал районунда аким жок

Бир айдан бери Жумгал районунда аким жок. Буга чейинки аким Жамшит Матанбаев эки жылга чукул иштеген. Ал  үстүбүздөгү жылдын март айында жер амнистиясын жакшы жүргүзбөгөн жана башка бир катар көрсөткүчтөр төмөн деп баа берилип жумуштан кеткен. Ага чейин иштеген аким Залкар Бозбалаев  алты ай иштеген соң аттестациядан кулап калган. Жумгал районунда чоң көмүр кени Кара-Кече, …

Жумгал районунда аким жок Толугу менен »

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал

Бул жөнүндө Нарын шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев билдирди. Шаардык кеңештин 5 чакырылыштагы депутаттары 2023-жылдын 14-мартында кабыл алган чечим менен  Нарын шаарынын ички жолун тейлеген маршруттук таксилерге баардык жүргүнчүлөр  үчүн 10 сомго тейлөөгө макулдук беришкен. Бирок буга айрым жашоочулар терс пикирилерин билдиришкен. «Элетробустар келгенде кайра тариф каралат»-дейт шаардык кеңештин төрагасы А. Молдосалиев. Анын айтымында, …

Нарын шаарында жол киренин тарифи кайра каралышы ыктымал Толугу менен »

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду

СССР дин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган «Бакен» спектакль Нарын академиялык музыкалык театрынын көркөм кеңеши тарабынан жактырылды. Драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» драмасынын негизинде даярдалган спектаклдын режиссеру Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнин 4-курсунун студенти Гаухар Ажигулова, ассистенти КРнын Эмгек сиңирген артисти Жумабек Мадемилов. Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, режиссер –студент алгачкы эмгегин  теңиртоолуктарга  7-апрель күнү …

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду Толугу менен »

Сүрөт баян: Алма-Бактагы куураган алма бактар тазаланууда

Нарын шаарындагы Алма-Бак паркындагы куурап, эскирип, өсүүсү токтогон алма бактар кыйылып, тамырлары атайын техниканын жардамы менен тазаланып жатат. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей,  ордуна кайра эле  алма, алмурут жана өрүк бактары отургузулат. Мындан тышкары калаа боюнча быйыл 15 миң түп  ар кандай бак-дарактардын, 10 миңден ашык ар кандай гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу мерчемделүүдө. Быйыл жылдагыдан …

Сүрөт баян: Алма-Бактагы куураган алма бактар тазаланууда Толугу менен »

Вирустук гепатит оорулары көбөйүүдө

Акыркы жылдарды өлкө боюнча  вирустук гепатиттердин В,С түрлөрүнүн өсүшү байкалган. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып, анын алкагында  облуста ооруну эрте аныктоо, эрте дарылоо максатында жер жерлерде экспресс тестер алынууда. “Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  гепатиттин В, С түрүн эрте аныктоо, эрте дарылоо боюнча иш алып баруудабыз.  Экспресс тестирлөө бардык райондордогу үй-бүлөлүк медицина топторунда, …

Вирустук гепатит оорулары көбөйүүдө Толугу менен »