DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Майыптар үчүн материалдык колдоо көрсөтүлдү

Нарын облусунда 15-ноябрдан 15-декабрына чейин “Биз биргебиз!” деген ураан алкагында бир айлык жарыяланып, жер-жерлерде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу максатында иш-чаралар өтүлүп жатат. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Төрөбек Арууновдон алынган маалыматка караганда, Нарын облусу боюнча 12 миң 267 жаран ден соолугу боюнча майыптыгы бар катары каттоодо турат. Алардын ичинен …

Майыптар үчүн материалдык колдоо көрсөтүлдү Толугу менен »

Жолбун иттер жок кылына баштады

Нарын шаарында жолбун иттер атыла баштады. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдирди. Мындай иш-чара жыл сайын кыш келип, суук түшкөндө уюштурулуп, кароосуз жүргөн ит- мышыктарды жок кылынат. Максат- адамдардын, айрыкча балдардын коопсуздугун сактоо менен ит-мышыктардан жугуучу ар кандай ооруларды алдын алуу.

3-декабрь-Эл аралык майыптар күнү

3-декабрь- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Бул күн 1992-жылдын 14-октябрындагы Башкы Ассамблеясынын 47/3 резолюциясына ылайык, бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленип, биринчи ирет, майыптардын көйгөйлөрүнө элдин көңүлүн бурууга багытталган. Бул күн адам укуктарын толук жана бирдей урматтоо, коргоо  менен майыптыгы бар адамдардын коомго катышуусун жогорулатуу максатында жарыяланган.

Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүлчамбар койду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга гүлчамбар коюу аземине катышты. Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырларды эскерип, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Ак-Талаа: Баетов-Кош-Дөбө жолуна түнкү чырак коюлду

Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын кире беришине 43 даана көчө чырактар орнотулду. Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда , аталган айылдын кире беришине, тактап айтканда Баетов – Кош-Дөбө унаа жолунун жээгине көчө чырактарын орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 215 миң сомдон ашык каражат каралып, тендер жарыяланган. Аны утуп алган компания …

Ак-Талаа: Баетов-Кош-Дөбө жолуна түнкү чырак коюлду Толугу менен »

Нарында 2005-жылы ВИЧтин алгачкы учуру катталган

Нарын облусунда СПИД илдетинин  биринчи учуру 2005-жылы табылган. Андан бери бул оору менен 297 бейтап катталып,  76сы  каза болгон.  Ал эми  ушул жылдын 1-декабрына карата жаңы 26 учур  табылган. Бул тууралуу Нарын облустук кан аркылуу жугуучу  вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун директору  Айнагүл Бектурсунова билдирди. Анын айтымында, 2005-жылдан бери катталган учурлардын  46сы  бангизатын колдонгондор …

Нарында 2005-жылы ВИЧтин алгачкы учуру катталган Толугу менен »

Ат-Башы: 30 миңдей мал эмдөөдөн өткөрүлдү

Ат-Башы районунда эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо  жана  мал ылаңдарын алдын алуу багытында жасалып жаткан иштер боюнча штабдын жыйыны өтүп, анда бруцеллёз, сибирь жарасы сыяктуу  жугуштуу ооруларды алдын алуу, ага каршы эмөө жүргүзүү, ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышы тууралуу  маалыматтар айтылып, алдын алуу талкууланды. Отурумда калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча айыл тургундарына …

Ат-Башы: 30 миңдей мал эмдөөдөн өткөрүлдү Толугу менен »

“Айкөл Манас” алтын коллекциясы жүгүртүүгө чыкты

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 2-декабрдан тарта “Айкөл Манас” алтын коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. Банктан билдиришкендей, монеталар элдик оозеки чыгармачылыкты жайылтуу, кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана жайылтуу максатында жүгүртүүгө киргизилүүдө. “Айкөл Манас” монетасынын алдыңкы бетинде ак мөңгүлүү Ала-Тоонун алкагында соот кийип, Аккула атын чаап бараткан Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: «Айкөл Манас / …

“Айкөл Манас” алтын коллекциясы жүгүртүүгө чыкты Толугу менен »

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды

Бүгүн, 29-ноябрда Нарын шаардык кеңешине жаңы шайланып келген 31 депутат экинчи сессияга чогулду. Сессия улуу депутат Амантур Төрөгелдиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда Нарын шаардык кеңешинин төрагасын жана анын коомдук башталыштагы орун басарларын шайлоо боюнча эки маселе каралды. “Нарын деми” көпчүлүк коалициясынан төрагалыкка Чынтемир Муканбетжусупов, “Биримдик” коалициясынан Алмаз Сурановдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Алгач бул кандидаттар сөз сүйлөп …

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы шайланды Толугу менен »

Нарын: Билим уяга компьютер алынды

Шоро айылындагы С.Мамбетов атындагы орто мектебинин информатик Т.Тыналиев атындагы компьютердик классы жаңы жабдуулар менен камсыздалды. Алсак, 16 компьютер принтери менен сыналгы  жана 16 отургуч сатылып алынган. Бул үчүн 800 миң 52 сомдук долбоор “Теңир Тоо”  өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле  мектеп жамааты дагы колдоо көрсөтүшкөн.