DOLON MEDIA

Сегиз жаранга акысыз адвокат дайындалды

10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүнө  карата өлкө боюнча 10 күндүк декада өтүүдө. Бул иш чара Нарын шаарында дагы ишке ашырылып, бул үчүн атайын кеңеш берүү жайы “Айыл” банк жайгашкан имаратта  уюштурулган.

Ал жерде Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү, пробация органынан, социалдык фонддон, социалдык коргоо башкармалыгынан, Кадастр мекемесинин адистери жана адвокат жарандарды кабыл алып, акысыз кеп-кеңеш беришүүдө.

Юридикалык жардам кызматынын Нарын облусу боюнча  сектор башчысы Эсенгул уулу  Жолдошбектин айтуусунда, кеңеш берүү жайына  күнүнө 20дан 40ка чейин жарандар кайрылып, кеп-кеңеш алышууда. Ошондой эле 8 жаранга акысыз адвокат дайындалып берилди.

Декада жарандардын  укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында 12-декабрга чейин уланат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.