БУУнун демилгеси менен жыл сайын 9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күн катары белгиленип келет. 2003-жылдын ушул күнү Мексиканын Мерида шаарында жогорку деңгээлдеги саясий конференцияда БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясы кол коюуга ачылган. Документ кол койгон мамлекеттерди пара алуу, бюджеттик каражаттарды уурдоо жана коррупциялык кирешелерди легалдаштыруу кылмыш деп жарыялоого милдеттендирет.
Коррупция коомдун демократиялык, моралдык-этикалык негиздерине коркунуч келтирген социалдык, саясий жана экономикалык татаал көрүнүш. Ошондуктан коррупциянын алдын алуу жана жоюу -мамлекеттеги ар бир жарандын милдети.
БУУнун Башкы ассамблеясынын 58-сессиясынын чечими менен 2004-жылы 9-декабрь – Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү катары белгиленген. Бул күнү Дүйнөнүн 95 өлкөсүнүн лидерлери коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.