DOLON MEDIA

90 миң долларга таштанды ылгоочу ишкана курулуп жатат

Нарын шаарындагы  Карга-Жайлоо таштанды полигонунун жанына таштанды сорттоочу кичи ишкана курула баштады. Ишкана ишке берилгенде таштандынын 36 түрү ылгана баштайт.

Турмуш-тиричилик калдыктарын сорттоочу ишкана жалпысынан 90 миң долларга  курулат. Бул үчүн Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында 60 миң долларлык кайтарымсыз колдоо көрсөтүлсө, ишкананы куруп жаткан “Мелисса Строй Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомунун өздүк салымы 30 миң доллар болот.

Кичи заводдун ишке кириши менен 15 адам иш менен камсыз болоору айтылууда.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.