DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Кочкор: 56 миллион сомго спорт зал курулуп жатат

Кочкор өрөөнүнүн Жаңы-Жол айылына спорт зал курулуп жатат. Республикалык бюджеттен 56,7 миллион сомго курулуп жаткан бул спорт залдын, учурда 90 пайызы бүттү. Аны жакында пайдаланууга берүү пландалууда. Спорт залдын жалпы аянты 610 чарчы метрди түзүп бардык заманбап шарттары менен эки кабат болот.  

Энергетиктер күнү белгиленди

22-декабрь-Энергетиктердин кесиптик күнүн утурлай облус жетекчилиги салтанаттуу иш-чара уюштуруп, кесип ээлерин куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров салтанатка катышып энергетиктерди кесиптик майрамы  жана энергетика тармагынын түзулгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен куттуктады. Салтанатта бир катар энергетиктерге  “М.Сыдыков”, “К.Акназаров” атындагы төш белгилер, өкүлчүлүктүн жана министрликтин Ардак грамоталары тапшырылды. Бүгүнкү күндө энергетика тармагын жакшыртуу максатында …

Энергетиктер күнү белгиленди Толугу менен »

Эки миң үй-бүлө “Социалдык келишим” менен ишкерлик кылууда

“Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү” долбоору Нарын облусунда 2022-жылы  башталган. Учурда бул долбоор менен 1миң 987 үй-бүлө  алектенүүдө. Алсак, 2022- жылы 250, 2023-жылы 587, 2024-жылдын 11 айында 1 миң 150 аз камсыз үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү. Келишим түзүлгөн 1миң 987 үй-бүлөнүн ар бирине мамлекет тарабынан чакан ишкерчилик кылууга 100 миң сомдон, жалпы 198 миллион …

Эки миң үй-бүлө “Социалдык келишим” менен ишкерлик кылууда Толугу менен »

2 миллиард сомдон ашык мүлктөр кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттин мүлкүн кайрадан мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында укук коргоо органдарынын ыкчам аракетинин натыйжасында жыл башынан бери 14 кыймылсыз мүлк объектилери мамлекеттин балансына кайтарылып, каттоого алынды. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына  таянсак, бул мүлктөрдүн жалпы сметалык баасы 2 млрд. 756,8 млн сомду түзөт. “Анын ичинде Ат-Башы районундагы “Чар” туристтик комплекси, Нарын …

2 миллиард сомдон ашык мүлктөр кайтарылды Толугу менен »

Пара бергендер жоопкерчиликтен айып пул менен кутула албайт

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Атажанов өлкөнүн мамлекеттик саясатына ылайык билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын аталган тармакта коррупциялык көрүнүштү алдын алуу боюнча өткөн жыйында  билдирди.  Ал ошондой эле мамлекет тарабынан курулуш, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын жана айлык маяналар көтөрүлгөнүн белгилеп, мамлекеттин талаптарына токтолду. “УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталды, эгер мыйзам …

Пара бергендер жоопкерчиликтен айып пул менен кутула албайт Толугу менен »

Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырды

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында президенттин медиа жана журналистика жаатындагы “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, жеңүүчүлөрдүн сыйлыгын тапшырды. “Бир эл – бир түндүк” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси УТРКнын кабарчысы Айсулуу Асанбекова; “Керемет Кыргызстан” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси ЭлТР телеканалынын кызматкери Аскар Маратов; “Салык – өнүгүүгө …

Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырды Толугу менен »

Эки аскер комиссар коррупцияга шектелип кармалды

Эки аскер комиссар коррупцияга шектелип кармалды. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Аскер прокуратурасы УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында К.Н.С. аттуу Бишкек шаарынын Ленин районунун жана Ж.Ж.Ж. аттуу Чүй облусунун Аламүдүн районунун аскер комиссарларын коррупция фактысы менен кармады. Аталган кызматкерлер системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу схемасын уюштуруп, аскерге чакырылгандардан жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн акча алышкан. …

Эки аскер комиссар коррупцияга шектелип кармалды Толугу менен »

Кыргызстанда чочко тумоосунун 9 учуру катталды

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 9 учур катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Венера Алымкулова билдирди. Анын айтымында, октябрь айынан баштап ушул убакка чейин жалпысынан сасык тумоо 11 бейтапта аныкталып, анын ичинен 9у “А” түрү болсо, ал эми экөө “В” …

Кыргызстанда чочко тумоосунун 9 учуру катталды Толугу менен »

Кыргызстанда жөлөк пулдун жаңы түрү киргизилди

Кыргызстанда бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жарандарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул белгиленүүдө. Документте белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №193 мыйзамы менен бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана ар бир кийинки бала 3 жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнүүчү …

Кыргызстанда жөлөк пулдун жаңы түрү киргизилди Толугу менен »

Нарын шаардык Кеңешине кайра төрага шайланды

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы кайра шайланды. Буга чейин төрагалыкка шайланган төрагасы Чынтемир Муканбетжусупов өз шарттары менен жумуш ордун өткөргөндүгүнө байланыштуу,  кайрадан Нарын шаардык Кеңешинин  сессия уюштурулуп, жаңы төрага шайланды. Ага эки коалициядан  2 талапкер өздөрүн көрсөтүп, 17 добуш менен Жылдызбек Эсеналиев төрага болуп шайланды. Ал эки орун басарлары ошол боюнча калтырылды. Маалымат үчүн белгилесек, буга …

Нарын шаардык Кеңешине кайра төрага шайланды Толугу менен »