DOLON MEDIA

Нарын шаарына аксыз интернет таратылат

Бүгүн, 6-декабрда Нарын шаарында “Смарт Нарын-2024” долбоор ишке ашып,  бардык коомдук жайларды камтыган, акысыз интернет таратылат.

Шаардагы санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бул долбоор, облус башчысынын демилгеси менен Борбордук Азия Университети, “Скай Мобайл”, “Скайнет Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомдору жана Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашты.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн  билдиришкендей, аталган долбоор  парк, мектеп, китепкана, музей, базар, борбордук аянт, оорукана сыяктуу  20дан ашык  жайларга  акысыз Wi-Fi түйүндөрдү орнотулуп, шаардагы бардык тургундарга, конокторго жана туристтерге жогорку ылдамдыктагы интернеттин  жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.