Кочкор өрөөнүнүн Жаңы-Жол айылына спорт зал курулуп жатат. Республикалык бюджеттен 56,7 миллион сомго курулуп жаткан бул спорт залдын, учурда 90 пайызы бүттү. Аны жакында пайдаланууга берүү пландалууда.
Спорт залдын жалпы аянты 610 чарчы метрди түзүп бардык заманбап шарттары менен эки кабат болот.