Быйыл шаардын өнүгүүсүнө кимдер салым кошту?
Жыл башынан бери Нарын шаарына жеке ишкерлер тарабынан 2 миллион сомдун тегерегинде каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев билдирип, калаанын өнүгүүсүнө салым кошкондорго ыраазычылык айтты. Анын айтуусунда, 25 жеке ишкер тарабынан 2 миллион сомго жакын колдоо көрсөтүлүп, алар берген каражат шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоорлоруна жумшалды. Бүгүн, 24-декабрда жыл мыктыларын аныктаган салтанатта …









