DOLON MEDIA

Кыргызстанда жөлөк пулдун жаңы түрү киргизилди

Кыргызстанда бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы аймактарда жашаган жарандарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул белгиленүүдө.

Документте белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №193 мыйзамы менен бийик тоолуу райондордо жана барууга кыйын алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана ар бир кийинки бала 3 жашка чыкканга чейин ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул кошулду.

“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” программасынын алкагында ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилет.

Кимдер алат?

– Бийик тоолуу аймактарда жана барууга кыйын алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып алар 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындалат.

– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында ай сайын берилүүчү жөлөкпулдан башка мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, бардык көрсөтүлгөн жарандар ай сайын берилүүчү жөлөкпул алууга укуктуу. Эгерде бала (балдары) алуучу менен чогуу жашаса, ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындалат.

Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.