DOLON MEDIA

2 миллиард сомдон ашык мүлктөр кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттин мүлкүн кайрадан мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында укук коргоо органдарынын ыкчам аракетинин натыйжасында жыл башынан бери 14 кыймылсыз мүлк объектилери мамлекеттин балансына кайтарылып, каттоого алынды.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына  таянсак, бул мүлктөрдүн жалпы сметалык баасы 2 млрд. 756,8 млн сомду түзөт.

“Анын ичинде Ат-Башы районундагы “Чар” туристтик комплекси, Нарын шаарындагы мурдагы “Нарын эт”  комбинатынын жер участогу жана имараттары, “Ала-Тоо” мейманканасынын жанаша жайгашкан жер участогу, Нарын шаарынын борбордук мечитинин маңдайындагы жер тилкеси, Нарын шаарындагы даярдоо конторасынын жер тилкеси, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы “Ак Бозат” автотранспорт ишканасы, ушул эле айылдагы жашылча базары, Кочкор районунун Кочкор айылындагы жер тилкеси, Жумгал районунун Чаек айылындагы кирпич заводу, өкмөттүк мейманкананын имараты кайрадан мамлекеттин менчигине алынды”,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.