DOLON MEDIA

Пара бергендер жоопкерчиликтен айып пул менен кутула албайт

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Атажанов өлкөнүн мамлекеттик саясатына ылайык билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын аталган тармакта коррупциялык көрүнүштү алдын алуу боюнча өткөн жыйында  билдирди.  Ал ошондой эле мамлекет тарабынан курулуш, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын жана айлык маяналар көтөрүлгөнүн белгилеп, мамлекеттин талаптарына токтолду.

“УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталды, эгер мыйзам бекисе пара бергендер 2025-жылдан тарта жоопкерчиликтен айып пул менен кутула албайт. Андай учурда 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мамлекетке зыян алып келсе мал-мүлкүн конфискациялоо, кызмат ордунан бошотуу же 5 жылдан 8 жылга чейин камакка алынат”, – деп билдирди ал.

Кубанычбек Атажанов билимдүү адам кылмыштуулукка барбасын белгилеп, билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча бир канча иштер аткарылып жатканына токтолду. Нарын мамлекеттик университетинин чет элдиктерди окутууда мыйзам бузуулар катталып, окуу жайдын айрым жетекчилери УКМКнын кызматкерлерине 4 миң АКШ долларын сунуштап жаткан жеринен колго түшкөнүн эске салды.

Мындан тышкары, ал аталган окуу жайда көп жылдан бери орун алып келген кылмыш иштеринин бети ачылып, мамлекетке 6 млн сом кайтарылганын билдирди.

“Мурда бала бакчаларга киргизүү үчүн 5-10 миң сомго чейин ата-энелерден талап кылуу кадимки көрүнүшкө айланып калган. Азыр андайларга жол берилбейт. Көзөмөл күндөн-күнгө күчөйт”, – деди ал.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө билим берүү мекемелериндеги коррупцияга каршы күрөш системалуу жана узак мөөнөттүү болушу керектиги, ага бардык бийлик өкұлдөрүнүн жана коомдун активдүү катышуусу маанилүү экендиги баса белгиленди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.