DOLON MEDIA

Ат-Башы: Делегаттар чакан ГЭС куруу маселесин сунушташат

Бишкек шаарында өтүп жаткан Элдик курултайга Ат-Башы районунан барган делегаттар беш маселе көтөрөт.

Алсак, Ак-Моюн жана Талды-Суу айылдарын бириктире турган көпүрө,  Кошой коргон  чебине  “Кошой Ордо” этнокомплексин, Ичке Таш-Рабат каналын куруу сунушталат. Мындан тышкары, Үч суунун куймасы деп аталган сууга  чакан ГЭС салуу жана райондук ооруканага томограф аппартын алуу зарылдыгын бийлик өкүлдөрүнө жеткиришет.

Үчүнчү Элдик курултайга Ат-Башы районунан  9 делегат катышууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.