DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Шыкмаматов менен Амангелдиев ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтышты

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кайым айтыша кетти. Жыйында Шыкмаматов буга чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деген …

Шыкмаматов менен Амангелдиев ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтышты Толугу менен »

НМУда заманбап технология менен жабдылган IT-хаб  ачылды

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде IT-хабдын ачылышы тоолуу аймактагы билим берүүнү өнүктүрүү жана инновацияларды илгерилетүү багытындагы маанилүү кадам. Бүгүн, 23-декабрда Борбордук Азия Университетинин колдоосунда тоолуу университеттердин өнөктөштүгү программасынын  алкагында НМУнун Чет тилдери жана  компьютердик системаларды программалоо колледжинде IT-хаб ачылды. НМУнун  окуу иштери боюнча проректору Нарынкүл Чоробаеванын айтымында, аталган колледжде 180 студент билим алат.  Эми алар …

НМУда заманбап технология менен жабдылган IT-хаб  ачылды Толугу менен »

УКМК: 1 млрд. 79 млн сомдук темир-бетон заводу мамлекетке кайтырылды

Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды.  Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурдагы Нарын темир-бетон заводу, ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан жалпы аянты 6,6 …

УКМК: 1 млрд. 79 млн сомдук темир-бетон заводу мамлекетке кайтырылды Толугу менен »

Ак-Талаа: 40 бала бакчага тартылды

Баетов айылындагы “Тынчтык” бала бакчасынын алдында 3 сааттык тайпа ачылды. Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында,  Билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде “Тынчтык” бала бакчасынын буга чейин администрациясы болуп келген корпусу Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 2 млн 800 миң сомго оңдоодон өткөрүлдү. Тактап айтканда кошумча бир бөлмө салынып, таза суу …

Ак-Талаа: 40 бала бакчага тартылды Толугу менен »

Шаардык делегаттар жайыт жер сурашат

Элдик курултайга Нарын шаарынан барган делегаттар жайыт жер сурашат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы Нурлан Кайыпов билдирди. Анын айтуусунда, Нарын шаарында 23 миң кой-эчки, 3 миңдей уй, жылкы бар. Шаардыктардын малын бактыруу үчүн  беш аймактан беш чабан уюштуруу колго алынат. Бул үчүн Элдик курултайга барган делегаттар Ат-Башы районунун Ак-Сай жана Арпа өрөөнүнөн 20 …

Шаардык делегаттар жайыт жер сурашат Толугу менен »

Ат-Башы: Делегаттар чакан ГЭС куруу маселесин сунушташат

Бишкек шаарында өтүп жаткан Элдик курултайга Ат-Башы районунан барган делегаттар беш маселе көтөрөт. Алсак, Ак-Моюн жана Талды-Суу айылдарын бириктире турган көпүрө,  Кошой коргон  чебине  “Кошой Ордо” этнокомплексин, Ичке Таш-Рабат каналын куруу сунушталат. Мындан тышкары, Үч суунун куймасы деп аталган сууга  чакан ГЭС салуу жана райондук ооруканага томограф аппартын алуу зарылдыгын бийлик өкүлдөрүнө жеткиришет. Үчүнчү Элдик …

Ат-Башы: Делегаттар чакан ГЭС куруу маселесин сунушташат Толугу менен »

Нарындан Элдик курултайга 43 делегат катышууда

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкө аймактарынан келген  700 делегаттын  ичинен 43 делегат Нарын облусунан дайындалып баргандар.  Райондор боюнча алсак, Кочкор районунан 10, Жумгал районунан 7, Ат-Башы районунан  9 , Нарын районунан  8, Ак-Талаа өрөөнүнөн  6 жана Нарын шаарынан 3 делегат катышууда. …

Нарындан Элдик курултайга 43 делегат катышууда Толугу менен »

Бүгүн Бишкекте III Элдик курултай өтөт

20-21-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышат. Иш-чараны чагылдыруу …

Бүгүн Бишкекте III Элдик курултай өтөт Толугу менен »

Кочкор: 56 миллион сомго спорт зал курулуп жатат

Кочкор өрөөнүнүн Жаңы-Жол айылына спорт зал курулуп жатат. Республикалык бюджеттен 56,7 миллион сомго курулуп жаткан бул спорт залдын, учурда 90 пайызы бүттү. Аны жакында пайдаланууга берүү пландалууда. Спорт залдын жалпы аянты 610 чарчы метрди түзүп бардык заманбап шарттары менен эки кабат болот.  

Энергетиктер күнү белгиленди

22-декабрь-Энергетиктердин кесиптик күнүн утурлай облус жетекчилиги салтанаттуу иш-чара уюштуруп, кесип ээлерин куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров салтанатка катышып энергетиктерди кесиптик майрамы  жана энергетика тармагынын түзулгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен куттуктады. Салтанатта бир катар энергетиктерге  “М.Сыдыков”, “К.Акназаров” атындагы төш белгилер, өкүлчүлүктүн жана министрликтин Ардак грамоталары тапшырылды. Бүгүнкү күндө энергетика тармагын жакшыртуу максатында …

Энергетиктер күнү белгиленди Толугу менен »