III-Элдик курултайга 43 делегат барат
Бүгүн, 10-декабрда III-Элдик Курултайга бара туран делегаттардын жолугушуусу Нарын шаарында өттү. Ага жергиликтүү бийлик башчылары жана облустун райондорунан шайланып келген 43 делегат катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө аймакты өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланып, социалдык -экономикалык абалды жакшыртууга багытталган сунуштар айтылды. Делегаттар тажрыйба жана идеялар менен алмашып, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу, маселелерди чечүү үчүн биргеликте иштөөнүн маанилүүлүгүнө басым жасашты. …









