DOLON MEDIA

Башкы тема

Мин- Кушту туристтик аймакка айлантуу сунушталууда

Нарын облусунун Жумгал районундагы Мин-Куш шаарчасын туристтик  аймакка айлантуу боюнча пикирин Европа коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кенсесинин башчысы Алексей Рогов облус жетекчиси Алтынбек Эргешов менен жолугушууда билдирди. А. Эргешов Мин-Кушту уран калдыктарынан тазалагандан сон туристтик аймакка айлантууга жакшы өбөлгө түзүлөөрүн билдирди. А. Рогов 20224-жылы Мин- Кушта бизнес форум өткөрүү сунушун айтты. Жолугушуу 30-октябрда …

Мин- Кушту туристтик аймакка айлантуу сунушталууда Толугу менен »

Сокулукта колу-буту байланып, эстен танган өспүрүм кыздын окуясы иликтенип жатат

Чүйдүн Сокулук районундагы Биринчи Май айылында колу-буту байланып, көчөдө табылган өспүрүм кыз тууралуу окуя иликтенип жатат. Бул жөнүндө Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 30-октябрда маалымдады. Маалыматка караганда, окуя 24-октябрда болгон. Көчөдө өспүрүм кыздын колу-буту байланган абалда жатканын көргөн кошуналары милицияга кабар берген. Окуяны Сокулук райондук милициясы каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады. Бул …

Сокулукта колу-буту байланып, эстен танган өспүрүм кыздын окуясы иликтенип жатат Толугу менен »

Ак-Сайга мобилдик байланыш жетти

Мамлекеттик «MEGA» мобилдик компаниясы тараткан маалыматка ылайык Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан АК-Сай өрөөнүндөгү “Корумду, Чатыр-Таш, Кында” чек ара заставаларына, Жаны маданий борборго жана туристтер көп барган Көл-Суу аймагына атайын станцияларды орнотту. Буга чейин ал жакта жайы кышы жайлаган малчылар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес. Өзгөчө кыш мезгилинде кабар алуу оорго турчу. Эми “MEGA” мобилдик …

Ак-Сайга мобилдик байланыш жетти Толугу менен »

WPS индекси: Кыргызстан – аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө

Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) жаңы баяндамасына ылайык, Кыргызстан бул көрсөткүчтө 95-орунга жайгашты. Кыргызстан 2021-жылы да WPS индексинде 97-катарда болуп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Баяндамада Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду 20% ашпай турганы, 13% аялдар жакын …

WPS индекси: Кыргызстан – аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө Толугу менен »

Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты

Кыргызстандын аймагында TикТок платформасын жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн кошумчалады.”ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз ТикТоктогу тэгдерди аныктап, …

Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты Толугу менен »

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет

25-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду. Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар. Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык …

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет Толугу менен »

Баткен коогалаңында курман болгон жоокерелер эскерилди

1999-2000-жылдагы Баткен коогалаңында өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин өтөп жатып  каза болгон жоокерлерди эскерүү митинги, бүгүн, 25-октябрда  Нарын шаарындагы  “Ж.Акималиев” атындагы  парктагы эстелик алдында өттү. Алгач, мекенди коргоп жатып, чек арада баатырларча курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган эстелик алдына гүл чамбар коюлуп,  куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок чыгарылды. Андан соң, эскерүү  иш-чарасына катышкан …

Баткен коогалаңында курман болгон жоокерелер эскерилди Толугу менен »

“Чет элдик өкүл” мыйзамын колдогон депутаттарды виза жагынан чектөө сунушталды

Кыргызстандын медиа жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Швейцариянын, Улуу Британиянын жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтерине кайрылып, «чет элдик өкүл» мыйзамын колдогон депутаттарды жана алардын жакындарын виза жагынан чектөөгө чакырышты. 25-октябрда аталган мыйзам долбоору (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу) Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Кайрылууда мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын, …

“Чет элдик өкүл” мыйзамын колдогон депутаттарды виза жагынан чектөө сунушталды Толугу менен »

“Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды. Документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду. Сессияда каттоодон өткөн 72 депутаттын 52си аны колдоп, жетөө …

“Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү Толугу менен »

Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Алмаз Дүйшөбаев парламентте келерки жылы түндүк-түштүк альтернативдүү жолу толугу менен бүткөрүлөрүн билдирди. Ал 24-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде жолду толук пайдаланууга 2024-жылы июль айында берүү пландалып жатканын айтты. Жайында аталган министрлик бул жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүткөнүн кабарлап, эми 15-ноябрга чейин тилкеде кемчиликтер …

Түндүк-түштүк кошумча жолу 2024-жылы толугу менен бүткөрүлөт Толугу менен »