Мамлекеттик «MEGA» мобилдик компаниясы тараткан маалыматка ылайык Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан АК-Сай өрөөнүндөгү “Корумду, Чатыр-Таш, Кында” чек ара заставаларына, Жаны маданий борборго жана туристтер көп барган Көл-Суу аймагына атайын станцияларды орнотту. Буга чейин ал жакта жайы кышы жайлаган малчылар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес. Өзгөчө кыш мезгилинде кабар алуу оорго турчу. Эми “MEGA” мобилдик компаниясы 2024- жылы Ак-Сайга чукул жайгашкан Арпа жайлоосуна да мобилдик байланышты жеткирүүнү пландоодо.
![](https://dolon.kg/wp-content/uploads/2023/10/1955021.91599ff20afdfe9472ccac237b4c1a6e.jpg)