DOLON MEDIA

Башкы тема

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында токсонго чукул адамдын өмүрү кыйылган Апрель революциясына быйыл 13 жыл болду. Бүгүн, 7-апрелде эскерүү иш чарасы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында апрель окуясында курман болгон  баатырлардын  элесине арналып тургузулган эстелик алдында өттү. Эскерүү иш чарасына облустук, райондук, шаардык бийлик төбөлдөрү, Апрель баатырлары, анда курман болгондордун жакындары жана бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлери …

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди Толугу менен »

Жайыттар такырланса, эттин баасы өсөт. Байланыш эмнеде?

 Кыргызстанда жалпы 9 млн гектар жайыт бар. Анын ичинен эң көп аянт – 30% жакыны Нарын облусуна туура келет. Тагыраагы, Нарында 2 млн. 600 гектарга жакын жайыт бар. Тилекке каршы, облуста жыл сайын жайыт деградациясынын аянты өсүп, мунун айынан малдын асылдуулугу төмөндөп жатат.  Талдоочулар бир аймактагы деградация көйгөйү жаратылышка, өлкө экономикасына терс таасирин тийгизээрин белгилешет. Анын …

Жайыттар такырланса, эттин баасы өсөт. Байланыш эмнеде? Толугу менен »

Нарында айыл өкмөттөр биригет

Нарын облусунда  пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, айыл өкмөттөр биригет. Бул тууралуу Жарлыкка Президент Садыр Жапаров  5-апрелде  кол койду. Ага ылайык  облустагы айыл өкмөттөр чек араларына жараша биригип, саны кыскарат. Ак-Талаа району боюнча: – Кош-Дөбө, Жерге-Тал жана Коңорчок айыл аймактарын бириктирип, Чолок-Кайың айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ала-Буга айыл аймагын; – Ак-Чий жана Кара-Бүргөн …

Нарында айыл өкмөттөр биригет Толугу менен »

Вирустук гепатит оорулары көбөйүүдө

Акыркы жылдарды өлкө боюнча  вирустук гепатиттердин В,С түрлөрүнүн өсүшү байкалган. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыгып, анын алкагында  облуста ооруну эрте аныктоо, эрте дарылоо максатында жер жерлерде экспресс тестер алынууда. “Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  гепатиттин В, С түрүн эрте аныктоо, эрте дарылоо боюнча иш алып баруудабыз.  Экспресс тестирлөө бардык райондордогу үй-бүлөлүк медицина топторунда, …

Вирустук гепатит оорулары көбөйүүдө Толугу менен »

Нарында кайсы оорулар биринчи орунда турат?

Нарын облусунда биринчи орунда жүрөк кан тамыр оорулары турат. Себеби, Нарын облусу бийик тоолу регион болгондуктан  көп адамдар кан басымы бийик жүрүшөт. Инфаркт, инсульт оорулары  көп кездешет,-деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Чынгыз Нарынбеков. Анын айтуусунда, экинчи орунда өпкө оорулары турса, кант диабети менен жабыркагандар үчүнчү орунда. Ар бир адам өз ден соолугуна жоопкер …

Нарында кайсы оорулар биринчи орунда турат? Толугу менен »

Сары майды экспортко чыгарууда көйгөй бар

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин базасындагы  JICA уюмунун колдоосу менен  ачылган лабораторияда сары май даярдалууда.  Атайын таңгактарга куюлуп сапаты толук стандартка жооп берген бул азыкка суроо-талап жогору. НМУнун айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча технологу Искра Акылбекованын айтуусунда, JICA уюмунун “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун экспертине  сары майдын уникалдуулугу тууралуу маалымат берилип, аны менен биргеликте толук изилденип, …

Сары майды экспортко чыгарууда көйгөй бар Толугу менен »

Нарындык 3 окуучу Америкада бир жыл жашап окумай болушту

Анткени алар окуучуларды алмашып окутуучу FLEX программасынын тандоо этаптарынан өтүштү. Нарын шаарынын мектептеринде окуган үч окуучу,  Айназик Боромбаева, Бермет Бейшеева, Кайрат Мусаев бир жыл бою АКШда  аларды кабыл алган үй-бүлөлөрдө жашап, мектепте билим алышат. Өлкөбүздүн каада салтын улуттук баалуулуктарын америкалык курбалдаштарына айтып берүү менен өздөрү да америкалык коомчулук менен таанышып билим деңгээлин кеңейтишет. “Балдар Ага …

Нарындык 3 окуучу Америкада бир жыл жашап окумай болушту Толугу менен »

Ат-Башы: Өнүктүрүү фонддордон  айылдарга чакан ишканалар ачылса

Ат-Башы районунун тургуну Чолпонай Сагындыкова өткөн жылы өнүктүрүү фондуна тери жана жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу боюнча долбоор жазып, колдоо тапкан эмес. Ал бул тууралуу пикирин ЖКнын алдында түзүлгөн “Аялдардын, балдардын  укуктары жана гендердик теңчилик” боюнча кеңеши өткөргөн жыйында билдирди. Ал айылдарда насыя албаган үй-бүлө жок экенин айтып, аны төлөө үчүн аргасыздан  балдарын жакындарына, …

Ат-Башы: Өнүктүрүү фонддордон  айылдарга чакан ишканалар ачылса Толугу менен »

“Аруу тилек” кризистик борборунда алты бала убактылуу баш калкалоодо  

Нарын облусу боюнча үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылган балдар менен аялдар Нарын шаарындагы  “Аруу тилек” кризистик борборуна келип убактылуу баш калкалашат. Борбордун  иши өткөн жылы каржылоо жоктугунан толугу менен топтоп калган. Бирок ага карабастан 36 адамды кабыл алышкан. “Борбордо бардык шарттар болгондуктан  зомбулукка кабылган балдарды жана  аялдарды кабыл албай коюуга мүмкүн болгон жок. Себеби облуста бизден …

“Аруу тилек” кризистик борборунда алты бала убактылуу баш калкалоодо   Толугу менен »

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди

Ош облусунун Кара- Кулжа районунун питомнигинен жашыл арчанын 1 жарым миң, роза гүлүнүн 700  түп көчөтү алынып келинди. Бүгүн, 30-мартта  жашыл арчанын көчөтү шаардын 64 аймагындагы “Ынтымак” аллеясынын айланасына отургузулду. Калган көчөттөр калаанын РТС, Москва чөлкөмдөрүнө жана мекеме-ишканалардын короолоруна  тигилет. Ал эми роза гүлүнүн көчөттөрү шаардык кире беришине Жаңы-Жол аймагына, Москва чөлкөмүнө, сейил бактарга, шаардын …

Сүрөт баян: Оштон арчанын жана роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинди Толугу менен »