DOLON MEDIA

Акылбек Жапаров тариф саясаты боюнча: мындан ары байлар байлардай төлөйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында президенттин тапшырмасы менен жеке ортомчу энергетикалык компаниялардын саны 28ден 12ге чейин азайтылганын билдирди.

Бул тууралуу ал 22-декабрда энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада айтып, 2024-жылы бул тармакка 74,9 миллиард сом бөлүнөрүн кошумчалады. Андан тышкары тариф саясатына кайрылып, өзгөртүү киргизүү зарыл экенин сөз кылды.

“Биз капитализм куруп атабыз. Мындан ары байлар байлардай төлөйт. Буларга тарифти салыштырмалуу тездик менен көтөрүш керек. Тоолуу жерлерге өзүнчө тариф кала берет. Бирок этап-этабы менен энергетика өздүк наркына, рентабелдүүлүккө чыкмайынча, бизге инвестор келбейт. Ошондуктан муну президент да, мен да сезип билип турам. Колунда жокторго жардам берүүгө даярбыз. Акчабыз бар. 112 миң үй-бүлөгө тарифти 50 тыйын кылдык. Ушундай муктаж болгон 200 миңдин тегерегинде үй-бүлө бар. Тарифти аларга ылдыйлатпасак да, субсидия бергенге даярбыз. Калган 1 млн 200 миң үй-бүлө кичинеден ушул тарифке көнө башташы керек”, – деген Акылбек Жапаров эки жылда энергетика тармагына 261 атайын техникалар сатып алынганын айтты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын жарыялаган.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.