DOLON MEDIA

Нарын облусунун айылдары техникаларды сатып алып жатышат

Мындай маалыматты Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Нарын облусундагы 27 ириелештирилген айыл өкмөттөрүн колдоо максатында КР Президенти С. Жапаров тарабынан ар бир айыл өкмөткө күзүндө ар бирине Нива үлгүсүндөгү автоунаа берилген. Аны менен катар айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү максатында 10 млн сомдон акча каражат берилген. Учурда бул акча каражаттарына айыл чарбасына керектүү оор техникалар алынууда. Мисалга алсак Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө  талаптарына ылайык бир погрузчик, 1 самосвал, КАМАЗ автоунаалары, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 силос жыйноочу техника, 1 трактор, МИң-Булак айыл өкмөтүнө темир тор түйүүчү, токуучу зым кесүүчү, престөөчү, зым керүүчү жана жүк көтөрүүчү техникалар жана бир трансформатор алынды. Башка айыл өкмөттөрү да керек болгон техникаларды сатып алуу иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.