DOLON MEDIA

Башкы тема

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-январда өттү. Анын үйүнө туугандары, санаалаштары жана айылдаштары чогулуп, жаназасы окулду. Чыгып сүйлөгөндөр Абдылдаевдин ишмердүүлүгүн, кайрымдуулук иштерин айтышты. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылына коюлду. Башкы прокуратура 6-январда Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы менен …

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү Толугу менен »

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди. Маалыматка ылайык, Абдылдаевге “инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация” деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган. 29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили …

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди Толугу менен »

Нарын районунун Учкун айылындагы мектептин окуу корпусу оңдолду

Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы, Учкун айылында жайгашкан Э. Токсобаев атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн окуу корпусу 4,6 млн сомго оңдолуп, 29-декабрда пайдаланууга берилди. Акимдин социалдык иштери боюнча орун басары А. Орозказиеванын маалыматы боюнча бул корпус түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңыланды. Жалпы нарктын 2 млн 12 миңге чукул жергиликтүү бюджеттен бөлүнду. Эми башталгыч класстын окуучулары …

Нарын районунун Учкун айылындагы мектептин окуу корпусу оңдолду Толугу менен »

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев бүгүн, 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. “Кечки троллейбус”, “Замандаштын дүйнөсү”, “Жарыктын ыры”, “Эки аска” өңдүү ондогон китептердин автору Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны. 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун …

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты Толугу менен »

Майыптыгы бар балдарды караган жеке көмөкчү салыктан бошотулат

Майыптыгы бар адамдарды баккан, караган адамдарды (жеке көмөкчү) патент түрүндөгү салыктан бошотуу мыйзам долбоору бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңеште 2-3-окуудан кабыл алынды. Мыйзам долбооруна ылайык, жеке көмөкчүлөр салыктан Жаңы жылдын 1-январынан тартып бошотулат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков демилгелеген. Дайыма бир адамдын кароосуна муктаж, майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдарды баккандар үчүн мамлекет 2019-жылдан …

Майыптыгы бар балдарды караган жеке көмөкчү салыктан бошотулат Толугу менен »

Кочкор районунун мурдагы акими каза болду, ал үй камагына чыккан

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков узакка созулган оорудан каза болду.  Мындай маалыматты жакындары 28-декабрда билдиришти. Кочкор районунун мурдагы акими, бир ай мурда камакка алынган Бишкектеги “Ак-Суу” базарынын ээси Курманбек Байтереков 67 жаш курагында ооруканада көз жумду. Анын жакындарынын “Азаттыкка” ырасташынча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында камалып турган Байтереков …

Кочкор районунун мурдагы акими каза болду, ал үй камагына чыккан Толугу менен »

Нарында мектептин чатыры жаңыланды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы  Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектептин имаратынын чатыры чатырланды. Баетов айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Майрамбековдун маалыматына караганда   аталган мектептин чатырынын эскилиги жетип, аба ырайынын бузулганда суу тамчылап, окуу процессине терс таасирин тийгизчү. Мектептин чатырын жаңыртууга 6 млн 266 миң сом жумшалды. Бул сумманын 3 млн 423 миң сому жергиликтүү …

Нарында мектептин чатыры жаңыланды Толугу менен »

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-декабрда сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде Чүй облусундагы 40тан ашуун күрөөканалардын ишин текшерди. Атайын кызмат тараткан маалыматта күрөөкана ишмердиги боюнча мыйзамдын, лицензиялык докмументтер, күрөөгө койгон мүлктөр боюнча талаптардын аткарылышы жана каражат булактары текшерилди. Жыйынтыгында ломбарддын жетекчилери үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча милдеттенме алышты. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын …

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди Толугу менен »

Нарын облусунун айылдары техникаларды сатып алып жатышат

Мындай маалыматты Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Нарын облусундагы 27 ириелештирилген айыл өкмөттөрүн колдоо максатында КР Президенти С. Жапаров тарабынан ар бир айыл өкмөткө күзүндө ар бирине Нива үлгүсүндөгү автоунаа берилген. Аны менен катар айыл өкмөттөрүн өнүктүрүү максатында 10 млн сомдон акча каражат берилген. Учурда бул акча каражаттарына айыл чарбасына керектүү оор …

Нарын облусунун айылдары техникаларды сатып алып жатышат Толугу менен »

Ташиев ломбардардын ишине “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күч органдарынан өлкөдөгү күрөөканаларга “өзгөчө көңүл бурууну”  тапшырды. Бул тууралуу ал 25-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып айтты. Ташиевдин айтымында, ломбарддар – 2023-жылдагы акыркы негизги тапшырмалардын бири. Ал күрөөканалардан карапайым калк жогорку пайыз менен насыя алып, натыйжада мүлкүнөн ажырап калып жатканын белгиледи. …

Ташиев ломбардардын ишине “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырды Толугу менен »