DOLON MEDIA

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал 21-мартта президент Садыр Жапаровдун атынан Нарын шаарында Нооруз майрамы менен куттуктоо сөзүндө айтты.

«Президенттин 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасы боюнча жарлыгы чыкты.Учурда бул маселеге министрлер кабинети олуттуу көңүл буруп, бардык аракеттер көрүлүүдө. Улуттук программанын алкагында Нарын облусунда бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашат», – деп айтты министр. 

Анын айтымында, Ат-Башы районуна 950 миң АКШ доллары өлчөмүндө жеке инвестицияларды тартуу менен эт комбинаты курулат.Ошондой эле, ишкана ишке киргенден кийин 80 жаңы жумушчу орун түзүлөт.

Мындан сырткары, ал Нарын дарыясында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана Куланак ГЭСин куруу пландаштырылып жатканын белгиледи.

«Айыл чарба продукцияларын сертификациялоо үчүн шарттарды түзүү үчүн атайын фитосанитардык лабораторияларды жабдуу сыяктуу маанилүү долбоорлор ишке ашырылат. Нарын облусунун Кытай менен чектеш аймагында жайгашканын эске алуу менен чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча атайын программа иштелип чыгып, ишке ашырылат», – деди министр.

Базарбаев белгилегендей, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун алкагында президенттин жарлыгы менен электр энергиясына болгон тарифтер төмөндөтүлүп, өткөн жылдан тарта социалдык төлөмдөр көбөйгөн.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.