Сегиз жаранга акысыз адвокат дайындалды
10-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк адам укугун коргоо күнүнө карата өлкө боюнча 10 күндүк декада өтүүдө. Бул иш чара Нарын шаарында дагы ишке ашырылып, бул үчүн атайын кеңеш берүү жайы “Айыл” банк жайгашкан имаратта уюштурулган. Ал жерде Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү, пробация органынан, социалдык фонддон, социалдык коргоо башкармалыгынан, Кадастр мекемесинин адистери жана адвокат жарандарды кабыл алып, …