DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Мүмкүнчүлүктөр чексиз…

Ак-Талаада 3-декабрь -Эл аралык майыптар күнүнө карата райондук маданият үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыз-жигит “Сармерден” оюну уюштурулду. Иш-чара 15-ноябрынан 15-декабрына чейин “Биз биргебиз” аталыштагы ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү жөнүндө бир айлык алкагында өттү.

Айлыктын алкагында, аталган сармердендин катышуучуларына мекеме-ишканалардын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 45 миң сом акча каражаты берилди. Мындан тышкары,  Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 30 миң сом жана айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен 100 миң сомдон бөлүнүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардамдар берилди. Ошондой эле, “Ак-Талаа айымдары” коомдук фонду тарабынан 28 жашка чейинки 1-топтогу майып 50 жаранга азык-түлүк салынган себеттер тапшырылды

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.