Теңир-Тоого белгилүү дарыгер Кубанычбек Борсокеев 58 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ал аскердик кызматын өтөп келгенден кийин 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун даярдоо бөлүмүндө окуусун улантып, окуу жайды 1995-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Кубанычбек Борсокеев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө дарыгерлик ишин баштаган. 1997-жылдан баштап ушул күнгө чейин аталган бөлүмдүн бөлүм башчысы болуп эмгектенип келген.
Дарыгер көп жылдар бою калкка медициналык кызмат көрсөтүп, кесибин сүйгөн, тажрыйбасы мол адис катары көптөгөн адамдарга жардам берген. К.Борсокеев ак дилден кызмат кылган эмгеги менен коомдо сый-урматка ээ болду.
Ал Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Мыкты кызматкери” төш белгиси, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жана Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Нарын шаарынын Ардактуу атуулу.
Маркумдун артында үч уул, эки кыз жана жубайы калды.
Адамгерчилиги бийик, жөнөкөй сапаттары менен кесиптештери жана бейтаптардын эсинде калган Кубанычбек Борсокеевдин дүйнөдөн өткөнү кыргыз медицинасы үчүн чоң жоготуу.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!